Тест: НООДУ 8 кл (на кыргыз.языке)


Список вопросов


1. МАТЕМАТИКА ПРОПОРЦИОНАЛДУУЛУК 2-СУРОО: ПРОПОРЦИОНАЛДУУЛУК 8_M_022_Q02 0 1 9 А жана В пункттарынын ортосундагы аралык картада 4 сантиметрге барабар. Эгерде картанын масштабы 1: 200000 болсо, анда бул пункттардын ортосундагы чыныгы аралык кандай?

1) Г) 4 см
2) В) 20км
3) Б) 10 км
4) А) • 800000 см • 8000м • 8 км

2. Коргошундан жасалган үч кубик 3 см, 4 см жана 5 см кырларга ээ. Эгерде алар бир кубга эритилсе, анда анын кыры … ге барабар болот.

1) (Г) 20 см
2) (В) 12 см
3) (Б) 6 см
4) (А) 5 см

3. | -5|- |3| 4 =

1) (Г) 2
2) (В) −2
3) (Б) −6
4) (А) −12

4. 10239 санын 5 ке бөлүүдөн чыккан калдыкка барабар санды тегерекке алгыла. 0; 1; 2; 3; 4; 5; 6; 7; 8; 9

1) Г) 7
2) В) 5
3) Б) 4
4) А) 3

5. Эгерде коондун 95% ы суудан турса, анда массасы 6 кг коондогу суунун массасы кандай?

1) (Г) 5,7 кг
2) (В) 5,6 кг
3) (Б) 1,3 кг
4) (А) 0,3 кг

6. Эгерде a саны 5 санынан 12% га чоң болсо, анда a =

1) (Г) 17
2) (В) 5,6
3) (Б) 5,12
4) (А) 0,6

7. Учбурчтуктун бир жагы 5 см ге барабар, экинчиси – 9 см ге, үчүнчүсү болсо x см. Төмөндө келтирилген сандардын кайсынысы x тин мааниси болуусу мүмкүн?

1) (Г) 14
2) (В) 11
3) (Б) 4
4) (А) 3

8. Төмөндө келтирилген сандардын кайсынысы x2-2x −3 =0 теңдемесинин тамыры болуп саналат?

1) (Г) –1
2) (В) 0
3) (Б) 1
4) (А) 2

9. Уулу 5 жашта, атасы болсо 27 жашта. Канча жылдан кийин атасы уулунан 3 эсе чоң болот?

1) Г) 10
2) В) 5
3) Б) 27
4) А) 6

10. АЛТЫНЧЫ МАЛАКАЙ Е. Пермяк Анда менин он жетидеги кезим. Мен даярдоо конторасында «чабармандын» кызматын аткарчумун. Бир жолу эрте жазда мени биздин конторанын жылкысы багылып жаткан Копылухага жөнөтүштү. Мен ал жакка кубанган бойдон чу койдум. Ал жакта менин Кусеин деген досум бар эле. Мен барган сайын анын боз үйүнө жатчумун. Казак боз үйлөрүнүн жанында кээде казыкка байланып турган түлкүнүн бачикисин көрүүгө болор эле. Балдар бачики менен ойноп, ага тамак берип, аны багышчу. Кышка жакын бачики кадимки түлкү болуп чоңоюп, андан кийин малакай болуп калчу. Малакай – казактын өзгөчө баш кийими. Кусеиндикине келгенде мен казыкка байланган чоң, келбети келишкен түлкүнү көрдүм. Ал бейкапар оонап, беш бачикисин эмизип жатыптыр. Байланбай бош жүргөн бачикилерди көрүп, мен Кусеинден: «Булар эмнеге качып кетишпейт?» – деп сурадым. – Кайда качышмак эле, – деп жооп берди ал. – Энесинен качып кайда барышат? Ансыз кантип жашашат? Аларды ким багат? Булар али кичинекей. Чуркай да алышпайт. Аңчылыкка да жарашпайт. Мында болсо аларга жакшы. Мага да жакшы: чоңоюшса – алты малакай болот. Мен Кусеиндикинде жүргөндө бош убактымдын баарын түлкүгө, анан анын балдарына жумшадым. Түлкү кээде туткунда тургандыгы жөнүндө унутуп да калчу. Ал оюнкарак бачикилери менен кошо кубанып, аларды эркелетип жалап, алар менен ойноп, бачикилерин эмизер убагы келгенде ийининин жанына бейкапар керилип жатар эле. Түлкү – оңой менен колго көнбөгөн жаныбар. Ал ызы-чуудан жана адамдардын үндөрүнөн коркчу. Түтүн менен оттун жалыны анын үрөйүн учурчу. Иттердин кошуна турушу – аны ого бетер коркутчу. Бирок, анын балдары бар эле. Ал – эне болчу. Энелик сезим түлкүнү бардыгына көнүүгө аргасыз кылчу. Ал сезим коркунучтан да күчтүү эле. Бул сезим түлкүнү чынжыр менен каргы жөнүндө – өзүнүн туткунда тургандыгы жөнүндө унутууга аргасыз кылчу. Кээде түлкүнү сейилдөөгө алып чыгышчу. Бачикилер болсо анын артынан калбай чуркап алышчу. Түлкү чынжырын чирене жулкунуп, чексиз талаанын түпкүрүн карай умтулчу. Турак жайлардан, бөтөн жыттардан алысыраак, өзүнүн табигый мейкиндигине кетүүнү самачу. Сыягы, мындай ар бир сейилдөө ал үчүн эркиндикке чыгуунун башталышы катары сезилсе керек. Бирок, андай эмес эле. Чынжыр аны кайта алып келчү. Биз артка кайрылчубуз. Эми түлкү алдыга озунуп жүгүрүүгө умтулчу эмес. Ал шылкыйып, башын төмөн салып, биздин артыбыздан жөнөчү. Жек көргөн казыкты көздөй, өзү эмес, адамдар казып берген жасалма ийинди көздөй илкип жөнөчү. А бачикилер эч нерсени түшүнүшчү эмес. Алар бирин-бири кубалап өтүп, жол бою бири-бири менен кабышып ойноп, чуркай беришчү… Ошентип, мен өз иштеримди бүтүрүп, үйүмө кеттим. Ал эми кеч күздө мени кайра Копылухага жөнөтүштү… Ошентип, мен кайра келдим. Албетте, дароо Кусеиндикине жөнөдүм. Келип эле түлкү жөнүндө сурадым. - Өзүң барып көр, – деди ал. – Өз көзүң менен көр… Мен атымды жайлабай эле боз үйдүн артындагы түлкүнүн казыгын карай чуркадым. Ал жерден кыймылсыз отурган түлкүнү көрдүм. Анын арыктаган учтуу тумшугу узарып, шиштийе түшүптүр. Түлкү түпсүз талааны тикирейип тиктеп турду. Анын жаак булчуңдары диртилдеп жатты. Ал мага көңүл да буруп койгон жок. Түлкү кээде гана чарчаңкы көзүн акырын ирмеп, тунарган мунарыктын ары жагынан бирөөнү көргүсү келип жаткансып, алысты тиктегенинен жазбады. Жанындагы тамакка ал түк тийбептир. - Түндө балдары аны таштап кетишиптир,- деди Кусеин муңайып. – Эми аларга эненин эмне кереги бар? Ал өзүнүн балдарын багып чоңойтту. Балдарына баарын берди: апакай курч тиштерди да, аксаргыл жылуу тонду да, күлүк бутту да, күчтүү сөөктү да, ысык канды да... Эми аларга карыган түлкүнун кереги эмне? Ал балдарын чакырды. Абдан аянычтуу чакырды. Ал кечээ бүт талааны жаңыртып ыйлады. Өлгөндөргө ыйлагандай эле ыйлады. Абдан аянычтуу болду. Чоң зыян тарттык. Беш малакай качып кетти. Анан Кусеин мени карады. Сыягы, талаада жашаган досумдун оюн буруп жиберген менин жүзүмдөгү башка аянычты ал байкады окшойт. Анткени биз бирибирибизге ар кандай белек-бечкен гана тартуулабастан, аруу ойлорубузду да бөлүшчүбүз. Кусеин унчукпастан түлкүнүн жанына басып келди да, анын мойнундагы каргыны чечип, мындай деди: – Эгерде беш малакай жоголсо, анда алтынчы малакай да жоголсун. Мен аны кийип кантип сеникине барам. Сен мени башына баягы бактысыз түлкүнүн терисин кийип алыптыр деп ойлойсуң да. Мен мындай малакайды кийбей эле койдум. Менин башым андай баштардан эмес. Ушуну айтып, ал түлкүгө кыйкырды. Ал качкан жок. Кусеин ышкырды. Түлкү казыктын жанындагы ийинине киргенче шашты. – Эркин экенине ишенбей жатат, – деп кобурады Кусеин. – Албетте, чынжырга айбан да көнөт. Эртең менен карасак, ийин бош экен. Кусеин мени карап сүйүнө муну айтты: - Алтынчы малакай өзүнүн беш малакайын издөө үчүн качып кетти. Ал аларды табат. Сөзсүз табат да, анан айтат… Келтирип айтат… А балким унчукпай коёт… Кечирет… Ал эне да… Кусеинге түлкүнү кое берүүгө кандай сезим түрткү берди болуш керек деп ойлойсуз?

1) (Г) Качып кеткен бачикилерди аёо
2) (Б) Балдары таштап кеткен түлкүнү аёо
3) (В) 5 малакайдан куру калгандыгына ызалануу
4) (А) Ыраазычылыкты билбеген түлкүгө таарынуу

11. Төмөн жакта келтирилген үзүндүлөрдүн кайсынысы тексттеги негизги ойду баарынан так чагылдырат?

1) (Г) «Энелик сезим түлкүнү бардыгына көнүүгө аргасыз кылчу»
2) (В) «Албетте, чынжырга айбан да көнөт»
3) (Б) «Түлкү – оңой менен колго көнбөгөн жаныбар»
4) (А) «Чоңоюшса – алты малакай болот»

12. Түлкүнүн сейилдегенин сүрөттөп, автор төмөнкүдөй карама-каршы коюуларды, салыштырууларды колдонду: «чексиз талаанын түпкүрүн карай умтулчу» – «шылкыйып, биздин артыбыздан жөнөчү», «табигый мейкиндиги – жек көргөн казык» Ушулар менен автор баарыдан мурда эмнени билдиргиси келет?

1) (Г) Түлкүгө жасалган катаал мамилени
2) (В) Туткунда жашоонун кыйынчылыктарын
3) (А) Түлкүгө болгон өтө аянычтуу сезимин
4) (Б) Түлкүнүн эркиндикке болгон умтулуусун

13. ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР БИОЛОГИЯ ЖАНЫБАРЛАР Өнүгүүсүнүн кайсы баскычында баканын жүрөгү үч камералуу болот?

1) (В) 1,2,3
2) (Г) 2,3,4
3) (А) 1,2,
4) (Б) 3, 4

14. Төмөн жакта саналгандардын кайсынысы бардык тирүү нерселердин баштапкы курамдык бөлүгү болуп эсептелет?

1) (Г) Организм
2) (В) Клетка
3) (Б) Ткань
4) (А) Орган

15. Крым коругунда карышкырлардын саны азайып кетти. Көп өтпөй, коруктагы токойлор жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болду: тез көбөйүп кеткен эчкилер жаш дарактарды жеп салып жатышты. Жогоруда кеп болгон жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өз ара азыктануу байланыштарын сүрөттөп бериңиз.

1) Г) карышкырлар эчкилерди жешет.
2) В) өсүмдүктөр ← эчкилер.
3) Б)карышкырлар → эчкилер;
4) А)карышкырлар → эчкилер → өсүмдүктөр;

16. ХИМИЯ Көлдү изилдөө Илимий экспедиция Антарктида тоолорундагы бир көлдү изилдеп жатты. Көрсө, ал көлдөгү суунун температурасы айланадагы абанын температурасынан 10°- 20°С жогорураак экен. Суудагы туздун жогорку концентрациясы жана күндүн күчтүү радиациясы жашоонун өнүгүүсү үчүн эң бир ыңгайлуу, жагымдуу шарт түзөт. Көлдө чоң санда көк-жашыл балырлар өкүм сүрүп, суунун жашыл түсү ошол өсүмдүктөрдүн бар болушу менен шартталат. Сууда оору козгоочу микроорганизмдердин бири да табылган жок. Көлдүн жашы – 2500 жыл.

1) В) оору козгоочу микробдордун бар болгонун;
2) Г) күн радиациясын.
3) А) туздардын жогорку концентрациясын; • туздардын концентрациясын; • суудагы туздардын өлчөмүн.
4) Б) суунун температурасын;

17. Лабораториядан синтездештирилген Х заты молекулярдык түзүлүшкө ээ экендиги белгилүү болду. Төмөн жакта келтирилген касиеттердин кайсынысы Х затына ТААНДЫК ЭМЕС?

1) (Г) Араң эригичтик
2) (В) Газ түрүндөгү абал
3) (Б) Суюктук түрүндөгү абал
4) (А) Учуп кетүүчүлүк

18. Дүйнөдөгү эң узун дайра – Нил Ак Нил жана Көгүлтүр Нил дайраларынын кошулуусунан пайда болот. Нил бир катар табигый зоналар аркылуу агып өтөт. Өзүнүн төмөнкү агымында ал Ливия чөлүн кесип өтөт. Ошондуктан мурунку мезгилдерде Түндүк Африка тургундары үчүн кантип чөлдөн бүт жыл бою сууга толгон дайра агып келип жатканы өзүнчө бир табышмак болгон. Жогорку жана ортонку агымында дайра катуу породалардан түзүлгөн жалпак тоону (сырты) кесип өтүп, босоголор менен шаркыратмаларды пайда кылат. Төмөн жакта келтирилгендердин кайсынысы дайранын бүт жыл бою суусу көп болгондугунун негизги себеби болуп эсептелет?

1) (Г) Дайраны карлар менен мөңгүлөр эригенде пайда болгон суусу толтуруп тургандыгы
2) (В) Ак Нил менен Көгүлтүр Нилдин башатында жаан-чачып көп болгондугу
3) (Б) Өзүнүн орто агымында дайра ири куймалардан суу алгандыгы
4) (А) Өзүнүн баш жагында дайра муссон жамгырларынын эсебинен сууга толгондугу

19. Химия эмнени окутуп уйротот?

1) В)Заттар жана алардын айланыштарын
2) Г)Микроорганиздердин тузулушторун окутуп уйротот
3) А)Жансыз жаратылыштагы кубулуштарды
4) Б)Тируу организмдерди

20. Эн чон алтын кени кайсы жерде?

1) В)Кум -Тор
2) Г)Чаткал
3) А)Солтон -Сары
4) Б)Макмал

21. Эл аралык стандартка жооп беруучу сымап чыгуучу жер?

1) Г)Айдаркен
2) В)Кызыл-Кыя
3) Б)Сулукту
4) А)Кадамжай

22. Заттын жытын билуу учун идишти...

1) Г)Мурунга жыттоо керек
2) В)Беттен алыс кармап алакан менен озун карай желпуу керек
3) Б)Бетке жакын кармап алакан менен желпуу керек
4) А)Бетке жакын кармап жытто керек

23. Таза заттар аралашмалар менен эмнеси боюнча айырмаланышат?

1) Б)Туруктуу составга ээ
2) В)Физикалык жол менен аларды болсо болот
3) Г)туура жооп жок
4) А)Туруктуу составга ээ эмес

24. Лаборатория шартында суудан, канттан жана бензинден турган бир тектуу аралашма даярдоого болобу?

1) В)Болот , себеби бензин сууда эрийт
2) Г)Болбойт , себеби кант сууда эрийт, ал эми бензин сууда эрибейт
3) А)Болбойт , себеби бензин сууда эрибейт
4) Б)Болбойт себеби кант бензинде эрибейт

25. Клетканы ким ачкан?

1) А) Левенгук
2) Б)Грю
3) В)Гук
4) Г)Броун

26. Осумдук клеткасынын ядросун ким ачкан?

1) Г)Бер
2) А)Шванн
3) Б)Вихров
4) В)Левенгук

27. Бактериялар жана кок жашыл балырлар тиричиликтин кайсы формасына кирет?

1) Г)пробионтторго
2) В)клеткага чейинки тузулушторго
3) Б)Ядросуздарга ядролууларга
4) А)Ядросуздарга

28. Осумдук клеткасы жаныбар клеткасынан кайсы органелласы менен айырмаланат?

1) Д)пластиддалар
2) Г)лизосомалар
3) В)рибосома
4) Б)митохондрия
5) А)Эндоплазматикалык торчо

29. Плазматикалык мембрана кайсы молекулалардан тузулгон?

1) Г)органикалык эмес заттардан
2) Б)углеводдор
3) В)белоктор , липиддер
4) А)АТФ

30. Бишкек шаары кайсы жылдары полководец М.В.Фрунзенин наамын алып жургон?

1) Г)1991-2000-ж.
2) В)1930-1991-ж
3) Б)1932-1991-ж
4) А)1926-1991-ж

31. Ошто совет бийлиги канчанчы жылдары орногон?

1) Г)1999
2) В)1940
3) А)1918
4) Б)1929

32. УАМС душмандын дзотунун амбразурасын денеси мн тоскон Кыргызстандык жоокер ким?

1) А)Д.Шопоков
2) Б)Ч.Тулобердиев
3) В)Ы.Таранчиев
4) Г) тааныбаймын